Аскердик кагылыш башталгандан бери Украинадан 5 миллиондон ашуун адам чыгып кетти

Украинада аскердик операция башталгандан бери 5 миллиондон ашуун адам өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмуна таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Басылмаларда жазылгандай, 2 ай аралыгында аталган мамлекеттен 5 миллион 31 миң 306 жаран качууга аргасыз болгон. Алардын ичинен:

Польшага - 2 миллион 800 миңден ашуун;

Румынияга - 757 миңден көбү;

Орусияга - 550 миңден ашууну;

Венгрияга - 471 миңден көбү;

Молдовага - 343 миңден көп;

Словакияга - 343 миңден ашуун;

Беларуска - 23 миңден ашуун жаран барган.

Белгилей кетсек, Орусия Украинага аскердик операциясын 24-февралда баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан