Садыр Жапаров азербайжандык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде Баку шаарында азербайжандык ири бизнестин өкүлдөрү менен жолугушууда аларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

Президенттин администрациясынан белгилешкендей, мамлекет башчысы Азербайжандын ишкерлерине энергетика, тамак-аш өнөр жайы, инфраструктура, туризм жана жаңы технологиялар өңдүү багыттарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады.

Мындан тышкары гидроэнергетика тармагында Камбар-Ата ГЭС-1 жана башка бир катар стратегиялык маанилүү чакан жана орто ГЭСтердин курулушуна катышууну жана туризм жаатында Кыргызстанда эс алуу жайларын курууну сунуш кылды.

Садыр Жапаров азык-түлүк продукциясын кайра иштеп чыгуу чөйрөсү дагы келечектүү жана кызыктуу багыт экенин белгиледи.

Өз өлкөсүнүн динамикалык, стабилдүү жана туруктуу өнүгүүсүн жактаган мамлекет башчысы катары мен азербайжандык бизнес-коомчулукту Кыргыз Республикасын ишенимдүү бизнес өнөктөш катары кароого жана аларды жигердүү кызматташууга жана ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырам”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан