Санэпидемстанция кытай кафелерин текшерип, 371 миң сомдук айып пул салды

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти кытай кафелеринде пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Апрель айында 29 кафеде микробиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча даяр идиш-аяктарды лабораториялык тандоо жана ичеги таякчасынын бактериялары үчүн жуулушу текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жетекчилерге 22 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 371 миң сомдук айып пул салуу боюнча чечимдер кабыл алынды. Мындан тышкары 16 объектиге санитардык абалы канааттандырарлык эместиги үчүн мыйзам бузууларды жоюу боюнча санитардык корутундулар даярдалып тапшырылды.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти түшкөн арыздар жана тамак-аштан ууланган учурда гана пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлөрүн белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан