Ошто коммуналдык кызматтар бир нече күн күчөтүлгөн режимде иштейт

Бүгүн, 20-апрелде Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев "Ош-Тазалык", "Ошсууканал" ишканаларынын жана Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө аба ырайы тууралуу жарыяланган эскертүүгө байланыштуу инженердик тармактардын күчөтүлгөн режимин уюштуруу маселеси каралды. Тактап айтканда, жумушчу бригадалардын күнү-түнү нөөмөт иштерин уюштуруу, ошондой эле канал тармактарынын, ирригациялык системалардын тазалыгын, суу түтүктөрүнүн абалын көзөмөлдөө боюнча атайын тапшырма берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан