SpaceX компаниясынын башкы директору Илон Маск Марска бир тарапка баруучу билеттин баасы 100 миң доллар болорун айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, Илон Маск кызыл планетага саякаттын баасын TED конференциясынын куратору Крис Андерсон менен баарлашуу учурунда айткан.
Анын айтымында, баа жарым-жартылай экономикага, ошондой эле Марста курула турган шаарга болжолдуу бир миллион адамды тартуу үчүн Марска саякаттоону жеткиликтүү кылуу зарылчылыгы менен аныкталат.
"Эгер Марска баруу үчүн болжол менен 100 000 доллар керек болсо, анда дээрлик ар бир адам акыры бул сумманы чогултуп Марска бара алат деп ойлойм", - деген Илон Маск.