Бишкекте жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурулду

Бишкекте жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурулду. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспортто буюмун жоготуп алган же таап алган жарандар көп кайрылат. Мындан улам аталган бөлүм тарабынан жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурулган.

"Эгерде сиз коомдук транспортто кандайдыр бир нерсени жоготуп алсаңыз же таап алсаңыз, анда азыр сизге шаар боюнча тигил же бул маршрутту издөөнүн кереги жок, департаментке кайрылып, издөөнү бир топ жеңилдеткен өтүнүч калтыруу жетиштүү болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Арызда унутулган, табылган нерсени деталдуу түрдө баяндап, каттамдын номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү зарыл.

Кайрылуу үчүн: 7-Апрель, 4а же WhatsApp номери: 0 (559) 69-69-48.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан