Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянты оюн-зоок тактайчалардан тазаланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордук "Ала-Тоо" аянтында мыйзамсыз орнотулган жеңил объектилерди жана оюн курулуштарын демонтаждоо боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү.
Анын жыйынтыгында 6 оюн-зоок тактайчалары демонтаждалып, «Бузуулар» кодексине ылайык протоколдор түзүлдү.