Тилемчилик жасоо үчүн Ош шаарына келген жарандардын дагы бир тобу өз мекенине жөнөтүлдү. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, алар коңшу өлкөлөрдөн келишкен.
Белгилүү болгондой, 9 адамдан турган чет өлкөлүк жарандар Ош шаарында тилемчилик жасап жүрүшкөндүгү аныкталган. Алардын баары коңшу мамлекеттен келип, Орозо айында жарандардын кайрымдуулук жасоо ниети жогору болгонунан пайдаланып, тилемчилик жасап жүрүшкөн. Милиция кызматкерлеринин түшүндүрүү иштеринен соң алардын баары өз мекенине кайра кетишти.