Кызынан дагы жаш көрүнөт. 57 жаштагы Азербайжандын биринчи айымы жөнүндө кызыктар

Президент Садыр Жапаров 19-20-апрель күндөрү Азербайжанга расмий иш сапары менен барды. Президент ал жакка өзү менен кошо биринчи айым Айгүл Жапарованы да ала барган. Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн биринчи айымдары жолугушту. Дал ошол жолугушууда тартылган сүрөт социалдык тармактарга чыгары менен Азербайжан өлкөсүнүн биринчи айымы көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды. Дал ошол айым тууралуу кызыктуу маалыматтарды топтоп көрдүк. Анда сөз башынан болсун!

Азербайжан өлкөсүнүн биринчи айымы Мехрибан Ариф-кызы Алиева 1964-жылы 26-августта Баку шаарында интеллигенттин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Чоң атасы Мир Жалал Пашаев - жазуучу, адабият таануучу, филология илимдеринин доктору, атасы Ариф Пашаев - физика-математика илимдеринин доктору, Азербайжандын Авиация академиясынын ректору,
апасы Мехрибан Аида Имангулиева чыгыш таануу менен алектенген, өлкөдөгү биринчи арабист аял, филология илимдеринин доктору.
кичинекей Мехрибан апасы менен
Мехрибан бала кезинен билим алууга умтулуп, окуусун жогорку деңгээлде бүтүргөн. 11 жашында «Говорящее письмо» аттуу кыска метраждуу тасмага башкы ролго тартылууга чакырылган.
Мехрибан 11 жашында тартылган фильмдеги кадрдан
17 жашында мектепти алтын медаль менен аяктаган. Бул ага Баку шаарындагы медициналык институтка эркин кирүүгө мүмкүндүк берген. Андан бир нече убакыт өткөндөн кийин ал Москва шаарындагы I.M. Сеченов атындагы медициналык институтуна которулган. 1988-жылы окуусун ийгиликтүү аяктап, кызыл диплом алган.
Окууну аяктагандан кийин Мехрибан Москвадагы көз оорулары илимий-изилдөө институтуна жумушка орношкон. Ал жактан өзүнүн квалификациясын жогорулатып, кандидаттык диссертациясынын үстүндө иштей баштаган. 2005-жылы «Эвтаназия жана медицинадагы адамзаттын проблемасы» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.
БОЛОЧОК ПРЕЗИДЕНТКЕ МОСКВАДАН ЖОЛУККАН
Мехрибан Пашаева Азербайжандын болочок президентине дал ошол Москвадагы медициналык институтка жаңыдан которулган кезде жолуккан. Ал кезде Илхам Алиев Москвадагы мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунда аспирантураны окуп жаткан эле. Экөөнүн сүйүү оту тутанып, студент кезинде эле, тагыраагы 1983-жылы баш кошушкан.
Арадан бир жыл өтпөй экөө Лейла аттуу кыздуу болушкан. 1989-жылы Арзу аттуу кыздуу, 1997-жылы Гейдар аттуу уулдуу болушкан.
Алиевдердин үй-бүлөсү. 2 кызы жана уулу Гейдар менен
КООМДУК ИШМЕРДЕН САЯСАТКА БИР КАДАМ
90-жылдардын орто ченинде Мехрибан коомдук ишмердүүлүктү баштаган. Эң алгач, Алиеванын катышуусу менен Азербайжандын маданий фонду түзүлгөн. Ушул убакка чейин аталган фондду өзү жетектеп келет. 1996-жылы Мехрибан айымдын демилгеси менен «Азербайжан-Ирс» улуттук басмасы чыга баштаган. 2002-жылы Азербайжандын гимнастика федерациясынын президенти болуп шайланган. Мехрибан Ариф кызы калктын бул спортко болгон кызыгуусун арттырып, эл аралык спорт уюмдарынын көңүлүн Азербайжанга бурду. Алиева 2000-жылдары Бакуда өткөн көркөм гимнастика боюнча дүйнөлүк чемпионаттарга, ошондой эле дүйнөлүк жана Европа чемпионаттарына салым кошкон.
2003-жылы Мехрибан Алиеванын жолдошу Илхам Алиев Азербайжандын президенти болуп шайланган. Дал ошол жылдан тартып Мехрибан айым саясий карьерасын баштап, Саясий кеңештин мүчөсү болгон.
2004-жылы Мехрибан Азербайжандын маданий баалуулуктарын жана салттарын жайылтуу менен алектенген Гейдар Алиев фондунун президенти болуп дайындалган. Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн Алиева ЮНЕСКОнун "Ак ниет элчиси" наамын алган.
2005-жылы биринчи айым көпчүлүк добуш менен "Жаңы Азербайжан" партиясынан Милли Межлиске депутат болуп шайланган.
Алиева 2013-жылы өкмөттүк партиянын төрагасы кызматына келген. Ошол эле жылы Европалык Олимпиада комитети 1-Европа оюндарын 2015-жылы Бакуда өткөрүү чечимин кабыл алган. Иш-чараны даярдоо боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындалган.
Рейтингдердин төмөндөшүнө байланыштуу президент Илхам Алиев 2016-жылдын сентябрь айында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүп, анда президенттик мөөнөттү жети жылга чейин узартуу жана өлкөнүн биринчи вице-президенти деген жаңы кызматты түзүү чечими кабыл алынган.
2017-жылдын 21-февралында Мехрибан Алиева вице-президенттик кызматка киришкен.
ДУБАЙДАГЫ МИЛЛИОНДОРДУ ЧАПЧЫГАН МҮЛКҮ ЖАНА УЧАГЫ
2011-жылы англиялык The Washington Post басылмасы президент Алиевдин үй-бүлөсүнө таандык мүлк тууралуу маалыматтарды жарыялаган. Макалада Дубайдагы тогуз люкс сарай тууралуу баяндалган, ал ошол кезде анын 11 жаштагы уулуна таандык болгон. Алиевдин балдарына катталган чет өлкөдөгү кыймылсыз мүлктүн баасы эксперттер тарабынан 75 миллион долларга бааланган.
БАЭнин борборундагы бир нече имараттар, азербайжандын Azerfon компаниясы, Silk Way Bank жана мамлекеттик AZAL авиакомпаниясынын тейлөө бөлүмү да президенттин кыздарына катталган.
Илхам Алиев жубайы Мехрибан жана кызы Лейла менен
Кошумчалай кетсек, биринчи айым учак сатып алган. Ал ар кандай саясий жана коомдук окуяларга ыңгайлуу жетүү үчүн 4K-AZ888 номерлүү өкмөттүк тактаны колдонот. Кээде Алиева кыздары менен Европа өлкөлөрүнө соода кылуу үчүн учат.
БИРИНЧИ АЙЫМДЫН СУЛУУЛУГУНУН СЫРЫ
Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева өзүнүн курагынан бир топ жаш көрүнгөнү албетте көпчүлүктү суктандырбай койгон жок. Маалыматтарга караганда ал бир нече жолу пластикалык хирургдардын кызматына кайрылган. Адистер ал терисин косметологиялык жол менен тарттырганын, эринин чоңойтконун билдиришкен. Ал эми бою 1 метр 68 сантиметр, салмагы 57 килограммды түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан