Бишкекте троллейбустун айдоочулары күн сайын наркологдордун көзөмөлүнөн өтүшөт

Күн сайын Бишкек троллейбус башкармалыгынын 260 айдоочусу наркологиялык көзөмөлдөө үчүн милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишканада 8 нарколог иштейт. Айдоочулардан тышкары механиктер да медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болушат.

Каттамга чыгуунун алдында айдоочулардын дене табы текшерилип, кан басымы да өлчөнөт. Ошондой эле ишкананын администрациясы биринчи жардам комплектисинин (аптечка) болуусун жана толуктугун, автотранспорттун салонунун гигиеналык абалын да текшерип турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан