
Таласта 6-класстын окуучусу изделип жатат. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашып, дайынсыз жоголгон баланы табууга жардам сурайт.
Белгилүү болгондой, 2009-жылы туулган Улукбек Узакбаев 19-апрель күнү эртең менен мектепке кеткен бойдон дайынсыз жоголууда. Ал Көк-Токой айылынын тургуну.
Изделип жаткан өспүрүмдүн белгилери: бою 140-145 сантиметр, кара тору, толмоч, бетинде сепкилдери бар.
Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү көйнөк, кочкул кызыл жемпир, шымы боз түстө, бутунда кызыл кроссовка.
Эгерде Улукбек Узакбаевди көргөн-билгендер болсо, кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш номерлери: 102 же 0771 57 08 76; 0701 14 05 06; 0550 74 33 35.