Бишкекте эркек кишини уурдоого шектелип мурда соттолгон жаран колго түшүрүлдү

Бишкекте адам уурдоо фактысы катталып, кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалды. Маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жакында эле борбордогу базарлардын биринде белгисиз адамдар теги азиялык болгон адамдын денесине залал келтирип, ак түстөгү унаага күч менен отургузуп белгисиз жакка алып кеткен видео социалдык тармактарга тараган.

"Бул окуяга байланыштуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жабырлануучунун, шектүүлөрдүн аты-жөнүн, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүштү. Ал эми Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жогорудагы факты боюнча 165-бөлүмүнүн 2-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында кылмышты жасаганга шектүүлөрдүн бири кармалды. Ал Жалал-Абад облусунда 1985-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган С.А. экени аныкталды. Учурда мындан аркы ыкчам издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары улантылууда", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан