Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министри Сергей Шойгудан Мариуполь шаарындагы "Азовсталь" заводундагы украин аскерлерине дагы бир жолу багынып берүүгө чакырууну суранды. Бул тууралуу Путин бүгүн, 21-апрелде Сергей Шойгу менен жолугушуу учурунда айтты.
Владимир Путин белгилегендей, Орусия багынып берген аскерлердин коопсуздугуна жана медициналык жардамга кепилдик берет.
"Дагы бир жолу куралын таштай электердин баарын багынып берүүгө чакыргыла. Орус тарап тиешелүү эл аралык укуктук актыларга ылайык алардын жашоосуна кепилдик берет. Жабыркагандардын бардыгына квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлөт", - деди Путин.
Буга чейин Владимир Путин "Азовсталь" заводуна штурмду токтотуу керектигин айткан. Анын айтымында заводдогу жоокерлердин жана офицерлердин өмүрүн ойлош керек. Бирок Владимир Путин заводдун аймагын чымын учуп өтө албагыдай кылып тосуу керектигин айткан.
Сергей Шойгунун айтымында заводдун ичинде 2 миңдей жоокер кармалып турат.