Жогорку Кеңештин депутатынын статусун жана ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам долбоорлору каралды

Бүгүн, 21-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Муну менен катар “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору да биринчи окууда талкууланды.

Жыйында баяндама жасаган депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын долбоору аткаруу жана Жогорку Кеңештин депутатынын ишинин негизги принциптери менен кепилдиктерин, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктаган жоболорду өркүндөтүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Муну менен мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөргө учкай токтолгон эл өкүлү: “Ал эми экинчи мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши жөнүндөгү материалдарды же кабарларды мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу тартиби каралды”, – деди.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү сунуштары бар экенин айтып, алардын ыйгарым укуктарын мыйзамга так жазуу керектигин кошумчалады.

Ал эми депутат Мейкинбек Абдалиев редакциялык мүнөздөгү бир катар мүчүлүштүктөргө токтолсо, депутат Адахан Мадумаров депутаттарды чектеген берене бар экенин айтып, сунушталган өзгөртүүлөр боюнча пикирин билдирди.

Ошондой эле депутат Камила Талиева мамлекеттик тил менен расмий тилдеги айырмачылыктарды жоюу керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан