Бүгүн, 21-апрелде коңшу Монголиянын Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.
76 килограмм салмакта Азия чемпиондугуна катышкан Айпери Медет кызы финалга чейин жетип, финалда күчтүү делген япониялык Юко Кагами аттуу балбан кыз менен кез келди.
Биринчи бөлүктө япониялык балбан активдүү болбогону үчүн Айпери Медет кызы бир упай алды. Биринчи бөлүк 1:0 эсебинде кыргыз балбанынын пайдасында аяктады.
Экинчи бөлүк башталары менен Айпери Медет кызы 4 упайлык ыкма жасады. Буга макул болбогон япониялык машыктыруучу челленж басты. Видео кайталоону көргөндөн кийин калыстар япониялык балбанга 2 упай беришти. Эсеп 5:2.
Беттеш бүтөөрүнө саналуу секундалар калганда япониялык балбан Айпери Медет кызын килемден түртүп чыгып, 1 упай алды.
Жыйынтыгында Айпери Медет кызы 5:3 эсебинде жеңишке жетип, карьерасында алгачкы ирет Азия чемпиону болду.