ИИМ: "Журналист Болот Темиров Кыргыз жараны эмес"

Бүгүн, 21-апрелде Ички иштер министрлиги иликтөөчү журналист Болот Темиров боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анда журналистке карата буга чейин козголгон кылмыш иштери боюнча суроолорго жооп берди.

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроосуна жооп берип жатып, министрлик Болот Темиров Орусиянын жараны экенин, ал Кыргызстандын жараны эместигин билдирди.

"Бүгүнкү күндө Болот Темиров Кыргыз жараны эмес, ал Орус жарандыгынан чыккан эмес. Бирок кыргыз паспорту менен аскердик күбөлүгүн башка эле бир жасалма номер менен алган", - дешти министрликтен.

Белгилей кетсек, буга чейин журналист Болот Темировго дагы 3 берене боюнча кылмыш иши ачылганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан