Бүгүн, 21-апрелде Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык унаа базардын расмий түрдө ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат борборунан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иш-чарага калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев жана шаар тургундары катышты.
Муниципалдык унаа базары 2021-жылдын 25-мартынан тартып иштеп баштаган. Ал эми бастырма куруу, электрондук шлагбаум орнотуу сыяктуу жумуштары эми толугу менен аягына чыгарылды. Мындан сырткары базардын тегерегине бак-дарактын көчөттөрү отургузулуп, көрктөндүрүү жумуштары жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, муниципалдык унаа базар аптанын шаршемби жана бейшемби күндөрү иштейт. Анын аянты 3,2 гектарды түзүп, 1600дөй унаага ылайыкташкан.