Быйылкы ажылык сапар үчүн бир адамга болжолдуу 4 500 доллар каражат керектелет. Бул тууралуу муфтиятка байланышканыбызда билдиришти.
Алардын айтымында, көрсөтүлгөн сумма өзгөрүшү мүмкүн.
"Ажылык сапар үчүн канча каражат кетери Кыргызстандан көз каранды эмес. Сауд Арабиядагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жогорулагандыктан, быйыл ажылык сапарга кетчү каражат салыштырмалуу кымбаттады", - деп билдиришти муфтияттан.
Сауд Араб Падышалыгынын (САП) ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү.