Иликтөөчү журналист Болот Темиров учурда 4 берене боюнча шектелип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында бүгүн, 21-апрелде Ички иштер министрлигинин маалымат жыйынында айтылды.
Анда журналист баңгизаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, документтерди жасалмалоо, мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү жана жасалма аскердик күбөлүктү пайдалануу беренелери боюнча шектелип жатканын билдиришти.
"Кайсы өлкөнүн жараны болбосун Кыргызстандын ичинде жүрүп, кыргыз мыйзамдарын бузса, кыргыз мыйзамдарынын негизинде жоопкерчиликке тартылат. Анан соттун чечимине жараша чара көрүлөт.
Ал эми жасалма документтерди алууга, берүүгө тиешеси бар адамдардын үстүнөн өзүнчө өндүрүш иши ачылып, ал боюнча өзүнчө тергөө жүргүзүлөт", - деп айтышты.
Ошондой эле Темиров тергөө туура эмес жүргүзүлүп жатат десе тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу экенин кошумчалашты министрликтен.
Белгилей кетсек, буга чейин журналист Болот Темировго дагы 3 берене боюнча кылмыш иши ачылганы кабарланган.