“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Аны депутаттар Жанар Акаев, Нурлан Шакиев, Улукбек Ормонов, Дастан Бекешев, Сейит Атамбаев, Марлен Маматалиев демилгелөөдө.
Долбоордо депутат жогорку билимге ээ болуусу керек деген аныктама жарандардын конституцияда көрсөтүлгөн укуктарын бузуу болуп эсептелинери айтылат.
“Бул конституциялык мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн бирдей шарттарды түзүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кепилдиктерин камсыз кылуу максатында иштелип чыкты”, - деп айтылат долбоордо.