Москвада электричка буту кыпчылып калган аялды бир нече метрге чейин сүйрөп барып токтоду

Москвада аялдын буту электричканын эшигине кыпчылып калып, бир канча метрге чейин сүйрөдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя Ярославский вокзалында болуп, видеого тартылып калган.

Видеодо көрүнгөндөй, жүргүнчү вагондон чыгып баратканда эшик жабылып, аялдын буту кыпчылып калган. Ал поезддин эшигин каккылап, жардам чакырганы менен машинист аны байкаган эмес. Башка жүргүнчүлөр аялга жардам берип, бутун чыгарганга аракет кылышты. Бирок поезд жүрүп, бир канча метрге чейин аялды платформа менен сүйрөп кеткен.

Маалыматта окуянын чоо-жайы жана аялдын абалы такталып жатканы, полиция болгон окуя боюнча текшерүү иштерин баштаганы айтылат.

Москвада электричка буту кыпчылып калган аялды бир нече метрге чейин сүйрөп барып токтоду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан