Тараз шаарында алп кыз төрөлдү. Анын салмагы 5 килограмм, бою 62 сантиметрди түзөт. Бул тууралуу Жамбыл облусунун Саламаттыкты сактоого башкармалыгына шилтеме келтирүү менен казак басылмалары жазышат.
Маалыматка ылайык, эне Жамбыл облустук көп профилдүү ооруканасына 19-апрелде келип түшкөн.
Дарыгерлердин айтымында, түйүлдүк жатында тескери жатып калган. "Бирок мындай учурда да эне табигый жол менен эле төрөйт, ал эми бул учурда эне кесарево жолу менен төрөдү. Наристе алп болору ошондо эле белгилүү болгон", - дешкен ооруканадан.