Кара-Суунун тургуну: "7 жыл мурун курулушу башталган мектеп бүтпөй жатып четинен урап жатат" (сүрөт)

Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы Кызыл-Суу айылынын жашоочусу Кенжебек Сатыбай уулу кайрылды.

Тургун айылда мектептин курулушу 7 жыл мурун башталып, азыркы кезге чейин бүтпөй жатканын айтты.

"Биздин айылдагы жаңы мектептин курулушу башталганына 7 жыл болду. Бирок бүтө элек. Курулуп бүтпөй четинен урап жатат.

Учурда №63 Октябрдын 70 жылдыгы атындагы мектепте окуучулар 3-4 нөөмөт менен окушат. Балдарга зээниң кейийт. Быйылкы окуу жылынын башында бүтсө жакшы болмок", - деди тургун.

Учурда 2 айылдын (Жаңы Кызыл-Суу жана Беш-Кепе айылдарынын)

окуучулары окуп жаткан мектеп. 1987-жылы курулган.

"Мектеп авариялык абалда болсо дагы эки айылдын балдары окушат. Бул мектеп ашар жолу менен курулган", - деп кошумчалады айыл тургуну.

Белгилесек, Жаңы Кызыл-Суу айылында 200 түтүн, Беш-Кепе айылында 80 түтүн калк жашайт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан