Испанияда орусиялык "Новатек" компаниясынын мурдагы башкы эсепчиси Сергей Протосеня, жубайы жана кызынын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмаларда жазылды.
Маалыматка таянсак, үй-бүлө Францияда жашачу жана Пасха майрамына карата Испанияга барышкан.
Полиция кызматынын алдын ала маалыматы боюнча, Протосеня алгач жубайын, андан соң кызын өлтүрүп, аягында өз жанын кыйган болушу ыктымал.
Кээ бир орусиялык басылмалардын версиясы боюнча, аялдын жана кыздын сөөгү бөлмөдөн табылса, Протосенянын жансыз денеси бакчадан табылган. Анын жанынан балта жана бычак чыккан. Аталган факты боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Мурдагы топ-менеджердин байлыгы 400 миллион еврого бааланган. "Новатек" - Орусиядагы эң ири көз карандысыз жаратылыш газын өндүрүүчү компания.
Буга чейин Москвада "Газпромбанктын" мурдагы вице-президенти Владислав Аваевдин үй-бүлөсү киши колдуу каза болушканы маалымдалган.