Бокс боюнча оор салмактагы дүйнөнүн мурдагы чемпиону Майк Тайсон Сан-Францискодон Флоридага учуп бара жаткан жүргүнчүнү учакта сабап салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя 20-апрелде болгон. Анда Тайсон учар алдында учактагылардын баары менен сүрөткө түшкөн. Бирок анын артында отурган жигит өжөрлүккө салып Тайсонго бир нерселерди айткан. Мушкер алгач андан тынчтануусун суранып, сөздөр таасир этпеген соң Майк Тайсон аны сабап салган.
Жаңжалдын натыйжасында жүргүнчү денесинен жаракат алган. Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң полицияга кайрылган.
55 жаштагы экс-чемпиондун өкүлдөрү кол салууну жүргүнчү өзү уюштурганын айтышкан. Алар жүргүнчү өзүн агрессивдүү алып жүргөнүн, мас абалында болгонун жана Тайсонго бөтөлкө ыргытканын билдиришкен.