Таласта мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан окуучу аман-эсен табылды

Таласта мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан 6-класстын окуучусу аман-эсен табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, баланын табылганын атасы билдирген.

Белгилүү болгондой, 2009-жылы туулган Улукбек Узакбаев 19-апрель күнү эртең менен мектепке кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ал Көк-Токой айылынын тургуну.

20-апрель күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 41 куткаруучу, 18 милиция кызматкери, туугандарынан 20 киши тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери саат 19:00 чамасында убактылуу токтотулган. Саат 21:12 чамасында баланын атасы (Курманбаев И.) уюлдук телефон аркылуу чалып, баласы аман-эсен табылгандыгы тууралуу маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан