Өзбекстанда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 5 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Жызак облусунун Фариш районунда катуу сел жүрүп, 3 аял, 1 эркек кишинин өмүрүн алды. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бир күн мурун жоголуп кеткен жаран сууга чөгүп кеткендиги аныкталып, анын жансыз денеси табылган.
Ал эми 100дөн ашык адам башка жакка эвакуацияланды. 260 үйдү суу каптап, анын 56сы талкаланган.
Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел суулары эгин талааларын, айрым үйлөрдү жана социалдык объекттерди каптаган. Учурда куткаруучулар кырсыктын кесепетин жоюу иштерин аткарууда.
Ал эми 20-апрелде Самарканд, Кашкадарыя жана Навои облустарында да сел жүргөн.