ПОЭТЕРАПИЯ: "Карыдым дебе, алтымыш белден аштыбы?! Тагдырда сага тааныткан жаман-жакшыны"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Бактыгүл Чотурова.
Кыргыз Эл акыны Бактыгүл Чотурова 1955-жылы 29-сентябрда Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында туулган. 1972-жылы Кызыл-Жазы орто мектебин бүтүргөн. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктагандан кийин 1995-жылга чейин Токтогул райондук №39-СПТУда мугалим, райондук “Учкун” гезитинде бөлүм башчы болуп иштеген. 1996-жылдан мамлекеттик телерадио корпорациясынын “Манас” студиясында редактор, 1997-жылдан Кыргыз өкмөтүнүн “Кыргыз Туусу” гезитинде маданият бөлүм башчы болуп эмгектенип келген. 2016-жылдан бери “Жетиген” журналынын башкы редакторунун орун басары. Жеке чыгармачылыгында жыйырмага жакын жыйнактары жарык көргөн.
Кыргыз өлкөсүнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (БДИМУ) Алтын медалынын ээси. “Тумар ханыша”(ТОМИРИС) драмасы англис, түрк жана орус тилдерине которулган. У.Шекспирдин "Макбет" жана Ф.Шиллердин "Мария Стюарт" трагедиясын, чыгыш жылдыздары жана индия, түркия, орус, азербайжан, дунган, казак акындарынын жана Рудаки менен Хафиздин ырларын кыргызчалаган. Каарманыбыз 1991-жылдан бери СССР Жазуучулар Союзунун, 1996-жылдан бери Кыргызстандын Жазуучулар жана Журналисттер союзунун мүчөсү. “Дарак ыры” мюзикл кинодастанынын ырларынын сөзүн жазган.
ЖҮРӨККӨ ОКШОШ ЖАЛБЫРАКТАР ЖАТЫШАТ
Күзгү бактан чыккым келди бат узап,
Жүрөккө окшош жалбырактар жатышат.
Таманымды карашкансып сактанып,
Ар кимиси өзүнчө сыр катышат.
Капысынан тык токтодум калып таң,
Булар неге жүрөккө окшоп алышкан,
Тепсеп өтсөм болбосун деп ойлодум,
Алар менин жүрөгүмдөй жабыккан.
Учуп түшсө дарактардан жаңысы,
Башкаларын өкүнткөндөй дабышы.
Ушул жерге чогулгандай сезилди,
Аялуудай жүрөктөрдүн баарысы.
Жүрөк-өмүр, жүрөк ушул жалбырак,
Учуп түшкөн күнү кетип жан-кубат.
Чеги бүтсө ченеми бар өмүрдүн,
Жерге тартып өлүм пейлин тар кылат...
Сары, кызыл жалбырактар жайнашып,
Сагынычтай көздөрүмдү байлашып...
Багындырган мезгилди эстеп жашоодо,
Бактан узап бара жаттым жай басып...
Бул ыр 2014-жылы жазылгандай болду эле, кийин “Күн-Кудайдын кареги” деген ырлар жана поэмалар жыйнагыма киргизгем. Негизи мен күздү жакшы көрөм. Күздүн пейили кенен, токмаарек, бышыкчылык... Жамгыры да жагат. Бир күнү бак аралап басып, жерге түшкөн жалбырактарды кечип бараткам. Анан аялуу ой келди, бир жалбырак бир өмүрдү жашап өткөндөй дарактан үзүлүп, эми жерде жатат. Таманым басканына таарынып жатышкандай... Сырдуу, баары жүрөккө окшоп алышыптыр. А жүрөктөн аялуу эмне бар?! Ошенип ыр саптары куралып кетти.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЧЫГАРБАЙТ ОТСТАВКАГА
Өмүрдү өргө айдап бара жатса да,
Чыгармачылык чыгарбайт отставкага.
Санаттуу сөздү айтып болбо убара,
Салыштыра албайсың мени башкага.
Көртирлик күнүмдүк жанды бакса да,
Көкүрөк көрөңгө нурдай акса да.
Экөөнүн ортосун бөлсөк экөөбүз,
Чыгармачылык чыгарбайт отставкага!
Арстандай чалгансып ойду чакта да,
Айтамын жакпаса... айтам жакса да!
Карыдык, эс алгын жазба дейсиң не?
Чыгармачылык чыгарбайт отставкага!
Калемди каткын деп санаа баштаба,
Кагазды жыйчы деп суроо таштаба.
Чынында менде бул айрымачылык-
Чыгармачылык чыгарбайт отставкага...
Улгайдың, бүттү деп бекер айтпа да!
Карабайт өнөрдө кары, жашка да.
Кудайдан кун жетпес белек экен бул-
Чыгармачылык чыгарбайт отставкага...
Суранам, сөзүмдү эске сакта да,
Угуп ал, сурайт эл күнүм батса да.
Ошого бактылуу туулдумбу дейм,
Чыгармачылык чыгарбайт отставкага!
Жүрсөк да жакынбы, алыс жакта да,
Жүз жашка жүрөк тамыры акса да.
Чымын жан чыр этип чыкмайын эгер,
Чыгармачылык чыгарбайт отставкага...
Турмушта мөндүр жаап, добул какса да,
Турса да тулпардай туягы аскада.
Бактысы, азабы да ошол мен үчүн,
Чыгармачылык чыгарбайт отставкага!
2016-жылы чыккан “Жалгыздык бар” деген жыйнагымдан бери жаңы китеп чыгара элекмин. Бирок даярдап жатам, бул ыр ошол китепке кирет. Адамдын турмушу алды жакты билбегени менен кызык деп айткандардыкы чын деп калдым. Чыгармачылыкка баш-отум менен киришип ырларды, драмаларды, котормолорду иштеп, өзүмдү ырга арнап койдум деп жүргөм. Тагдырды атайылап жарата албайсың, бирок бешене буйрук деген да чын экен, турмуш-тиричилик да жолумду бурду. Бирок чыгармачылык дагы эле жүрөгүмдү ээлеп турганы турган.
Балдардын атасы генерал-лейтенант Калмурат Садиевич өмүр бою аскер адамы болгондуктан, чыгармачылыкты баалаганы менен калыпка салуучу иштей көргөн кездер болуп калат. Ден соолук акыркы жылдары бир аз аксай түшкөнүнөн калем, кагазды коюп, ден соолукка кароону, компьютерде олтуруу да зыян экенин айтып турат да. Аскер адамдары отставкага чыккандан кийин каалагандай жай турмушта жашайт экен. Чыгармачыл адамдар Кудай канча өмүр берсе акырына чейин иштей бере турган керемет шыбаганын ээси тура, ансыз жашай албоочудай сезилет. Ошондон жаралган ыр:
КАРЫДЫМ ДЕБЕ
Карыдым дебе, карылык берер дөөлөттү,
Адамды сүрөп, акылга салып мээлетчү.
Кайрып апкелет бактылуу кылып эмгегиң,
Канча бир жылдар жаштыкта кылган мээнетти.
Карыдым дебе, алтымыш белден аштыбы?!
Тагдырда сага тааныткан жаман-жакшыны.
Алтымыш десе - жаштыктын карылыгындай,
А бирок чыны - карылыгыңдын жаштыгы.
Карыдым дебе, жетимиш келсе кол берип,
Жетик өмүрдү тараза ташы оң көрүп.
Артыңда из бар, арманы барбы жашоонун,
Жетиде бала саламын айтса, жол берип.
Карыдым дебе, сексенге жашың барганда,
Серпилип кашың секинден көзүң салганда,
Улуу-кичүүлөр угушса сөзүң кыя өтпөй,
Урмат-сый менен рахат барбы андан да!
Карыдым дебе, токсонду берсе Жараткан,
Токсонду ыйык тоо кылып эли карашкан.
Жаштыктын жазын түшүндө көрүп мемиреп,
Өмүрдүн кышы өзүнчө жагым таң аткан.
Карыдым дебе, калдайтып сүрдүү караанды,
Шилтей бер басып, канча жаш берсе кадамды,
Бата алып балдар, карыя болуп каадалуу,
Төрүндө сыйда олтурсаң, эмне, жаманбы?!
Карыдым дебе, жаш берсе Кудай жүз жылдык,
Кайран бир өмүр кантээрин болжоп сөз кылдык.
Ааламда тынчтык - ал сенде тынчтык болгондой,
Буюруган жашоо татымы ошол - миң жылдык.
Жашоо токтобой көз ачып турсун жаңы күн,
Жашайлы жаркып өчүрбөй көңүл жарыгын,
Тилейли тынчтык, ынтымак-ырыс, амандык,
Тирүүлүк барда карыдым дебе, карыдым!
Жакшы көргөн курдаштарымдын бири Кыргыз эл артисти Тынара Абдразаева. Көп жылдардан бери сырдаш, курдаш дегендей, жакынбыз. Менин “Тумар ханыша” (Томирис падыша тууралуу) аттуу драмамды Кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында Марат Козукеев койду. Ошондо ал Томиристин карыган кезин ойнойт да катырып! Бир жолу спектаклге даярданып жүргөн күндөрдө эс алууда олтуруп сүйлөшүп калдык: “Карыдык окшойт э, эс алалы... Ой, карыдык дебейличи, карыбай туралы... Жоок, карылыктын да күндөрүн, дөөлөтүн, сыйын көрөлү, ага жеткен да бар, жетпеген да бар!” Ушу сыяктуу кобурашып, күлүп олтуруп, анан Тынара айтып калды “Ай, Чотур атамдын чоң кызы, ушул теманы бир шилтеп көрбөйсүңбү?” деп. Ошентип ушул ыр жазылган.
АВТОМОБИЛЬ
Автомобиль, зуулдаган,
шамал менен тең келип шуулдаган
алып кетип барат мени.
Кайдан бүтүп, кай жерде калат деги
жол учу тирүүлүктүн...
Ташыгандай дүйнөсүнө сүйүү, үмүттүн
зырылдап.
Дөңгөлөктөр ыр ырдап,
жер шарындай айланып.
Капыс келген тагдырларды байланып
алып багыт...
Койбой талып,
чарчаткан кан жолду да.
Бир гана аялдама
сагынып тосуп турган,
кайчы өтүп кетпесин деп кокус мындан.
Көзү талган,
жакшылык тилеп ага, өзү калган,
аялдама анты бар жүрөгүнө жат гана бир
жамандыктан сактана жүр,
автомобиль,
сени күткөн сапарга аттана бил!
Бул ырдын жазылганына отуз жылга жакын болуп калды окшойт. Жаш чагыбызда биздин достордун ичинде Автандил деген бала бар эле. Өзү абдан шуулдап тез басып жүргөн, ачык-айрым, ак көңүл болчу. Энергетиканы сүйчү. Биз ага "Автомобиль" деп ат коюп алганбыз, чакырганда да ошентип чакырчубуз. Биринчи көнбөй жүрүп, кийин ал атка көнүп калды. Ырды жаңыдан жазып жүргөн учур болчу, кандай чыкты билбейм, тамаша-чындан “Автомобиль” деп ыр жазгам. Окуп алып баары күлүштү эле. Кийин менин “Боз торгой” деген ыр жыйнагыма ошол ыр кошулган. Арадан отуз жылга чукул убакыт өттү. Жаштык да алыстан көрүнгөн сүрөттөй элестеп калды. Жашоо ушундай экен, ар ким өз жолу, өз тагдыры менен кетет экен. Ошол достор көп жылдар көрүшпөй деле калдык. Бирок жаштыкты эстегенде адам жылуу сезимде болот экен.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан