Япония бийлиги 2003-жылдан бери биринчи жолу Курил аралдарын Орусия мыйзамсыз басып алган деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Япониянын Тышкы иштер министрлиги “Дипломатия боюнча көк китеп” жылдык баяндамасында Курил аралдарынын түштүк бөлүгүн мыйзамсыз басып алынган деп атаган. Аны Япониянын тышкы иштер министри Есимаса Хаяси өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынында тапшырган.
Докладда Курил аралдары “Учурда Орусия тарабынан мыйзамсыз түрдө оккупацияланган Япониянын түпкү аймагы” деп аталат.
"Дипломатия боюнча көк китеп" Япониянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан 1957-жылдан бери жыл сайын чыгарылып келет. Китеп өлкөдөгү дипломатиялык кырдаал жана анын келечеги, Япониянын дүйнөдөгү позициясы тууралуу маалымдама китеби болуп саналат.