Бүгүн, 22-апрелде коңшу Монголиянын Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.
62 килограмм салмакта Азия чемпиондугуна катышкан Айсулуу Тыныбекова финалга чейин жетип, финалда күчтүү делген япониялык Нонока Озаки аттуу балбан кыз менен кез келди.
Биринчи бөлүктө атаандаш активдүү болбогону үчүн Айсулуу Тыныбекова 1 упай алды.
Экинчи бөлүктө Айсулуу Тыныбекова атаандашына 9 упай алдырды.
Жыйынтыгында эсеп саны 9:1 болуп Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болду.