ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүнүн 2022-жылдын 1-чейрегиндеги жыйынтыгы чыгарылды

ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүнүн 2022-жылдын 1-чейрегиндеги жыйынтыгы чыгарылды. Ага ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Жокоев анын орун басарлары, бөлүмдөрдүн башчылары катышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө жана секторлорунда «Транспорт каражаттарын каттоо» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна кошулган жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан модернизациялоо иштери каралууда.

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте автомектептерде 1 сааттык сабактарды өтүү боюнча 2022-жылга карата иш-графиги бекитилип, тиешелүү сабак өтүү иштери жүрүп жатат.

Алсак, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бардык жетекчилердин жана мекеменин аймактык бѳлүм секторлордун жетекчилеринин катышуусу менен жыйын өткөрүлүп, жарандарыбызга сервистик тейлөө жогорку деңгээлде жүргүзүлүп, ишмердикти үзгүлтүккө учуратууга жол бербѳѳ, коррупцияга аралашпоо, кардарларга орой мамиле кылбоо, өз милдеттерин так аткаруу боюнча жазуу түрүндѳ тапшырмалар берилген.

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин бардык бѳлүмдѳрүндѳ жол кыймылынын эрежелери боюнча экзамен берүүчү класстарда онлайн режиминде байкоо камералар аркылуу кѳзѳмѳл жүргүзүлүүдѳ.

Ошондой эле 2022-жылдын 1-чейрегинин жыйынтыктары боюнча «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн жана секторлорунун айрым кызматкерлерине карата тартиптик жазалар колдонулуп, 20 сөгүш жана 13 эскертүү жарыяланды, 17 кызматкер менен эмгек келишимдер токтотулду, жалпы – 50 тартиптик жазалар колдонулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан