Бразилиялык футболдун легендасы Пеле ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Сан-Паулудагы Альберт Эйнштейн атындагы ооруканага 81 жаштагы спортчу жоон ичеги шишигин дарылоону улантуу үчүн жаткырылган. Ал үч күндөн кийин айыгып чыккан.
Дарыгерлердин айтымында, Пеленин клиникалык абалы жакшы. Пеле үч залалдуу шишиктен (ичеги, боор жана өпкө) дарыланып, Альберт Эйнштейн клиникасында мезгил-мезгили менен химиотерапия сессияларын өткөрүп турат.
Пеле акыркы жолу декабрь айынын аягында ракты дарылоо үчүн ооруканага жаткырылган. Эске салсак, 2021-жылдын августунда Пелеге жоон ичегидеги шишикти алып салуу боюнча операция жасалган. Андан кийин футболчу Сан-Паулудагы Альберт Эйнштейн клиникасында калыбына келтирүү курсунан өткөн. Акыркы жылдары ал ден соолугуна байланыштуу бир катар олуттуу көйгөйлөр менен күрөшүп келет.