Бишкекте бүгүн 10 жаштагы курбулар Сезим жана Салия мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Сезимдин апасы билдирди.
Анын айтымында, Сезим эртең менен саат 07:15де үйдөн чыккан.
"07:38де мектептин видео көзөмөлүнө түшкөн. Бирок ал сабакка барган эмес.
Акыркы жолу анын телефон номери саат 07:50дө Чүй жана Манас кең көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Азыркыга чейин кыздардын жүргөн жери дайынсыз болууда. Алардын сабакка барбаганын мугалимдери чалып айтышты. Биз дароо милицияга билдирдик. Кыздарыбызды көргөн-билгендер бизге кабарлап коюуңуздарды суранабыз", - деп билдирди ал.
Кийген кийимдери:
Сезим: кара түстөгү классикалык шым, боз түстөгү кроссовка, ак кофта, күлгүн түстөгү жазгы күрмө.
Салия: көк түстөгү юбка, четинде сызыктары бар ак кофта, жынсы күрмө.
Изделип жаткан кыздар тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге: 0554 041 461, 0556807545 кабарлап коюуну жакындары өтүнөт.