Азия чемпиондугу: Бүгүн Эрназар Акматалиев баштаган 4 балбан килемге чыгат

Бүгүн, 23-апрелде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун бешинчи күндүк беттештери уланууда.

Азия чемпиондугунун бешинчи күндүк беттештеринде Кыргыз өлкөсүнөн 4 балбан: 57 килограмм салмакта Алмаз Сманбеков, 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов, 70 килограмм салмак ченинде Эрназар Акматалиев жана 79 килограмм салмакта Арсалан Будажапов килемге чыгат.

Алмаз Сманбековдун алгачкы атаандашы түштүк кореялык Сун Гвон Ким, Алибек Осмоновдун атаандашы коңшу казакстандык Санжар Досжанов, Эрназар Акматалиевдин алгачкы атаандашы түркмөнстандык Перман Хоммадов болсо, Арсалан Будажаповдун алгачкы атаандашы өзбекстандык Жасурбек Усмоннохунов аттуу балбан болот.

Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 9:30да старт алды.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан