"Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун жана Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду жаңы төрөлгөн уулу чарчап калгандан кийинки биринчи жолу үй-бүлөлүк сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
Спортчу сүйүктүүсү Жорджина Родригес ооруканадан чыгып, азыр үйүндө экенин билдирген.
"Өзүбүздүн үйүбүз. Джио менен наристебиз акыры биз менен. Баарыңыздарга бизге карата айтылган жылуу сөздөр жана каалоо-тилектер үчүн ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет. Сиздердин колдооңуздар абдан маанилүү. Үй-бүлөбүзгө болгон сүйүү жана урмат-сыйыңыздарды сездик. Эми жаңы эле кабыл алган жашообузга ыраазы болууга убакыт келди", - деп жазды Роналду.
Белгилей кетсек, жубайлар эгиздерди күтүп жатышкан, бирок ымыркайлардын бири чарчап калган.Трагедиядан улам португалиялык чабуулчу 2021-2022-сезондун Англия Премьер-Лигасынын 30-турунун "Ливерпуль" менен болгон жолугушуусуна катышпай калган.