Президент Садыр Жапаров «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, соңку жылдары улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, материалдык жана материалдык эмес маданий мурасты сактоого жана пропагандалоого, элдик оозеки чыгармачылыкты жана элдик искусствону андан ары популярдаштырууга, өлкөбүздү дүйнөлүк маданий мейкиндикке жигердүү интеграциялоону камсыз кылууга багыталган системалуу чаралар ишке ашырылды. Анын ичинде маданият жана искусство чөйрөсүн инновациялык өнүктүрүү дагы бар.
"Азыркы мезгилде “Манас” эпосу кыргыз элин бириктирүүчү иденттүүлүктүн жана эгемендиктин идеологиялык фактору катары барган сайын кыйла зор мааниге ээ болууда. 1995-жылы Эпостун миң жылдыгын өткөрүү, Ала-Тоо борбордук аянтында Манастын эстелигин орнотуу жана 2011-жылдын 28-июнунда “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу элдин идеялык биригүүсүн айгинелеп турат. 2012-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасын бекиткен.
Бүгүнкү күндө ири жана чакан эпосторду, кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана популярдаштыруу. Бул чөйрөгө заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү, билим берүү мекемелеринде материалдык эмес маданий мурасты окутуу жана шыктуу жаш чыгармачыл ишмерлерди издөө жана колдоо, билим берүү мекемелерин окуу китептери, окутуу-методикалык адабият менен камсыз кылуу үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча концепциянын бүтүн системасы жок", - деп жазылат маалыматта.
Жаш муундарды руханий тарбиялоодо жана кыргыз элинин биримдигин чыңдоодо “Манас” эпосунун үчилтигинин өчпөс маанисин эске алып, ири жана чакан эпостордун гуманисттик идеяларын кеңири пропагандалоо, ошондой эле элдик оозеки чыгармачылыкты жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарын коргоону, жайылтууну жана изилдөөнү камсыз кылуу максатында, Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:
1. Көчмөндөр цивилизациясынын өзгөчө кайталангыс салттарын сактап калган элдин – кыргыздардын материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, мындан ары изилдөө жана популярдаштыруу, Кыргыз Республикасынын элинин руханий кайра жаралуусуна жана мындан аркы маданий өнүгүүсүнө, ата-бабалардын калган мураска аяр мамиле кылууга жана муундардын уланмалуулугуна, улуттук өзгөчөлүктөрдү жана өзүн өзү таанууну, тарыхый каада-салттарды сактоого багытталган шарттарды түзүүнү камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын стратегиялык милдеттери деп аныкталсын.
2. Министрлер кабинети 2022-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө:
3. “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин алдында кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын изилдөө илимий-изилдөө институту түзүлсүн.