Бишкекте 1996-жылы туулган Мунара Кыштобай кызы жана анын 2016-жылы туулган кызы Жансу Кыштобай кызы дайынсыз болуп изделүүдө.
Ленин РИИБинин маалыматына ылайык, алар 21-апрель күнү саат 9:00 чамасында Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 конушунда жайгашкан үйүнөн чыгып кетишкен бойдон кайтып келишкен эмес. Учурда алардын кайда жүргөнү белгисиз.
Өзгөчө белгилери:
Кыштобай кызы Мунара: Бою 160 сантиметр, көзү күрөң, мурду түз, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: хаки түстөгү шым, кара түстүү футболка жана ак түстөгү ботас.
Кыштобай кызы Жансу: Бою 115-120 сантиметр, көзү күрөң, мурду түз, орто дене түзүлүштө, чачы узун, тармал.
Кийген кийимдери: Кызгылт-сыя сызыктары бар күрмө, кара шым, бутунда ачык сыя түстөгү батинка.
Милиция кызматкерлери эне-баланы көрүп, билгендер болсо төмөнкү телефондорго кабарлап коюуну өтүнөт: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (553) 102-465, 0 (703) 401-600, 0 (705) 460-553 жана 102.