Социалдык тармакта казак спортчусу Азия чемпиондугунун финалында бутунан жаракат алган Айсулуу Тыныбекованы көтөрүп жүргөн видео тарады.
Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова Улан-Батордо өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда финалга чейин жетип, япониялык Нонока Озаки аттуу балбан кыз менен күч сынашкан. Ал беттеште мекендешибиз оор жаракат алгандыгына байланыштуу жеңилүү ызасын тартып, күмүш байгеге ээ болгон.
Көп өтпөй социалдык тармак аркылуу күйөрмандарга кайрылып, финалдык беттештин чечүүчү мүнөтүндө алган жаракаты күрөштү улантууга тоскоол болгонун билдирген.