Түркия Орусиянын Сирияга учкан аскердик жана жарандык учактары үчүн аба мейкиндигин жапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуна таянып жазышты.
"Сирия багытын көздөй учкан Орусиянын аскердик жана жарандык учактары үчүн аба мейкиндикти жаптык. Биз 3 айга уруксат бергенбиз. Анын мөөнөтү апрелге чейин болчу", - деген ал.
Ошону менен катар ал бул кадам тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путинге маалымдаганын кошумчалаган.