Орусиялык миллионердин кызын, аялын жана өзүн өлтүрүшү: Маркумдун жакындары жаңы версияны айтып чыгышты

Орусиялык "Novatek" компаниясынын мурдагы топ-менеджери Сергей Протосенянын апасы испан полициясынын негизги версиясын четке какты. Ал баласы үй-бүлөсүн өлтүрүп коюшу мүмкүн эмес деп эсептейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин Испаниянын полициясы Протосеняны алгач аялы менен кызын өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган деп божомолдогон.

Анын апасы Галина Петровна уулу мындай кадамга бармак эместигин билдирген. Себеби уулу аялы менен кызын абдан жакшы көрчү. Ошондой эле маркумдун апасынын айтымында, Протосеня аялы менен эч качан урушкан эмес.

"Анын колунан бул иш келмек эмес. Ал абдан боорукер адам болчу. Ал эч кимди өлтүргөн эмес деп ишенем. Биринчиден, аларда сүйүү болгон. Билесизби, алар ушунча жыл сүйүү менен жашашкан. Андан дагы ал кызын абдан жакшы көрчү. Кызыңды өлтүрүү кандай экенин элестете аласыңбы?", – деген Галина Петровна.

Ал бул кылмышка акча талашуу себеп болгон деп эсептейт.

Галина Петровна кылмыш болгон жерге анын баруусуна тыюу салынганын айткан.

21-апрелде чет элдик басылмалар орусиялык миллионер Сергей Протосеня кызын жана жубайын өлтүрүп, көп өтпөй өзү да каза болгон деген маалыматты жарыялашты. Бул үй-бүлөнүн жалгыз гана уулу калды. Ал каргашалуу окуя орун алган учурда Францияда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан