Володимир Зеленський Одессага абадан сокку урулгандан кийин Кремлге катуу кайрылды

Украинанын президенти Володимир Зеленський Орусия тараптын Одесса шаарына абадан сокку урулгандан кийин Кремлге катуу сын айтты. Бул тууралуу Euronews басылмасы жазды.

"Бүгүн Орусия Украинага, Одессага кезектеги ракеталык чабуул жасады. Кеминде 8 адам каза болуп, 18и жаракат алды. Набыт болгондордун арасында үч айлык кыз дагы бар. Ал кыз Орусияны кантип коркутту? Орусиянын жаңы улуттук идеясы балдарды өлтүрүү болуп калды окшойт. Соккудан кыздын апасы жана чоң апасы дагы каза болду", - деген Зеленський.

Президенттин айтымында, сокку Орусиянын стратегиялык авиациясы тарабынан Каспий деңизинин аймагынан жасалган. Украин аскерлери эки ракетаны атып түшүрүүгө жетишкен, бирок дагы бешөө шаарга, анын ичинде катардагы турак жайга тийген.

Одесса бийлигинин айтымында, шаарга атылган ракеталардын экөө аскерий объектиге, экөө турак жайларга тийген.

Өз кезегинде Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталык чабуул Одессанын жанындагы аскерий аэродромдогу логистикалык терминалга жасалганын, анда АКШ менен Евробиримдиктен келген курал-жарактын ири партиясы сакталганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан