Японияда 26 адам отурган кеме дайынсыз жоголду. Экипаждар сигнал берүүгө жетишкен

Японияда кеме чөгүп, ондон ашык адамдын сөөгү табылбай жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "KAZU 1" кемеси 23-апрелде эртең менен Хоккайдо аралынын түндүгүндөгү Уторо портунан чыккан. Кырсык сигналы жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:15те алынган. Деңиз коопсуздугу башкармалыгынын маалыматы боюнча, кемеде 26 жүргүнчү, анын ичинде эки бала жана эки экипаж мүчөсү болгон.

"Кеме болжолдонгон жерге тик учактар, патрулдук учактар ​​жана кемелер жөнөтүлгөн. Болжол менен бир суткадан кийин 10 кишинин жансыз денеси табылган. Дүйшөмбүгө караган түнү суучулдар баланын жансыз денесин табышкан. Учурда кемеде болгон 26 адамдын 11инин гана сөөгү табылды. Адистер бул аймактагы тереңдик айрым жерлерде 100 метрге чейин жеткенин белгилешүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан