Ооганстанда мындан ары кыздар жана эркек балдар өз-өзүнчө билим алышат

Ооганстандын жогорку окуу жайларында мындан ары кыздар жана эркек балдар өз-өзүнчө билим алышат. Бул тууралуу Талибан өкмөтүнүн Билим берүү министрлигинин маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайларда кыздар жана эркек балдар үчүн сабактар ар кайсы күндөрү өтөт.

"Кыздар аптанын дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү, ал эми эркек балдар шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү сабактарга катыша алышат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин кыздар жүзүн кошо жапкан баш кийим кийип, эркек балдар менен бир бөлмөгө отурбай өзүнчө окуй турганы айтылган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан