Президент Садыр Жапаров "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна курула турган административдик имарат боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу өлкө башчысы "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
Анда өлкө башчыга: "Акыркы убакта коомчулукта катуу талкуу болгон журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө айтылган Ак Үй маселеси. Азыр жаңы Ак Үйдүн зарылдыгы канчалык бар эле? Азыркы иштеп жаткан ордуңузда кала берсеңер болбойбу? Буга чейин өзүңүз эле сарамжалдуулукка чакырып жаттыңыз эле...", - деген суроо узатылды.
"Азыркы иштеп жаткан ордум дагы абдан жакшы. Исхак Раззаков агабыз 1950-жылы курган экен. Ошондон бери кыргызга кызмат кылып келе жатат. 72 жыл болуптур. Мен дагы ошол кишинин жолун жолдоп бир имарат куруп кетейин дедим. 100 жыл кызмат кылсын.
Негизи мен жыргал жашоого көнгөн эмесмин. Мындан ары деле жыргал жашоону самабайм. Айрым ою бузук адамдар айтып жаткандай, менин отурган жерим укмуш болуш керек, жашаган жерим андан да укмуш болуш керек деп салып жатканым жок. Жөнөкөй жерде отуруп алып деле иштей берем. Негизи ар бир кабыл алган чечимдерим, жасаган иштерим келечекке мурас болуп калса деп жасап жатам. Баарыбыз бул дүйнөдөн өтөбүз. Убакыт өткөндөн кийин унутулабыз. Ал эми жасап кеткен иштерибиз, салып кеткен имараттарыбызды келечек муун дайыма эстеп, атыбызды атап жүрүшөт.
Имарат салып жатсам, мен аны көрүмө көтөрө кетпейм. Эл үчүн, келечек муун үчүн калат. Бул имарат эмне үчүн салынып жатат деп суроо берсеңиз туура болмок. Убакыт өткөн сайын заман өзгөрүп жатат. Эл өсүп жатат. Бишкектин борбору унаа тыгындарына толуп кетти. Мурда Москвада тыгында эки-үч саат турасың дечү элек. Азыр биздин Бишкек деле кем калбай калды. Ошол үчүн биз бир эле президенттик имаратты эмес, бүтүндөй министрликтерди өйдө жакка көчүрөбүз. Бардык министрлер бир эле имаратта отурушат. Ал имаратты биз 2023-жылы баштайбыз. Дал эле ушул президенттик имарат салынып жаткан жердин күн чыгыш маңдайына салынат. Ошентип күч органдарынан башка министрликтердин, өкмөттүк уюмдардын баарын борбордон өйдө жакка көчүрүп кетебиз. Буга да мамлекеттин накталай акчасы кетпейт. Министрликтердин азыркы отурган имараттарына алмашуу жолу менен эле салып коёбуз. Өзүбүздүн ата мекендик куруучулар эле салып коюшат", - деп жооп берди мамлекет башчысы.