Дүйнөдөгү эң кары адам 119 жашында каза болду

Дүйнөдөгү эң кары адам аталган япониялык Канэ Танака 119 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Канэ Танака "Гиннесстин рекорддор китебинин" версиясы боюнча жер жүзүндөгү эң кары адам деп табылган. Ал ушул жылдын январь айында 119 жашка чыккан.

Канэ Танака 1903-жылы 2-январда туулган. Ал 2005-жылдан бери Фукуокадагы карылар үйүндө жашап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан