Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берди. Анда президентке "Орусиядагы кырдаал өзгөрүп, ал жакта миграцияда жүргөн мекендештерибиз массалык түрдө Кыргызстанга кайтуу мүмкүндүгүнө өлкөбүз даярбы?" деген суроо узатылды.
Анда президент: "Башка түшсө байтал жорго" дейт. Ал жагын деле ойлонуштуруп жатабыз. Кокус массалык түрдө кайтып калышса, бир айласын табарбыз", - деп жооп берди.