Кыргызстандын президенти бош убактысында эмне менен алектенет?

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров социалдык тармактагы расмий баракчаларына билдирүү жазып турат. Ал социалдык тиркемелерди колдонууга канча убакыт короторун, билдирүү жазууда кандай критерийлерге басым жасарын "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде айтып берди.

Суроо: Соцтармакка канча убакыт коротосуз? Негизи эле соцтармакка пост жазуу же жазбай эле коюу чечимин кайсы критерийлер менен кабыл аласыз?

Анда-санда убакыт боло калганда бир карап коём. Бирок көп отурганга убактым жетпейт. Ал эми кайрылуу калтыруу үчүн сөзсүз кирем. Жазып коюп, кайра эле чыгып кетем.

- Эртең менен канчада турасыз? Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Президенттен түнкү убакта деле тапшырма келе берет” деди эле.

Ар кандай убакта турам. Ооба, түнкүсүн да вотсап аркылуу же үйгө чогулта коюп бир топ тапшырмаларды берип турам. Анткени эртең менен ошол тапшырмаларды аткара башташы керек. Убакыттан утушубуз керек да.

- Бош убактыңызда эмне менен алексиз?

Бассейнде сүзөм. Ишемби күндөрү футбол ойнойм.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан