Талибдер мындан ары чет элдик баскынчыларга чыдабай турганын эскертти

Ооганстан мындан ары чет элдик жана коңшу өлкөлөрүнүн баскынчыларына чыдабайт. Бул тууралуу Ооганстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Мохаммад Якуб билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Коргоо министри мындай пикирин Пакистан өткөн жума күнү Хост жана Кунар провинцияларына ракеталык сокку ургандан кийин жасаган.

"Ооганстан дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөн келген чоң кыйынчылыктарга туш болуп келүүдө. Буга Пакистандын Хост жана Кунар провинцияларына жакында басып кириши эң сонун мисал. Биз өлкөбүздү да, элибизди да коргоого милдеттүүбүз. Бул жолу биз улуттук кызыкчылыгыбызга кол салууга сабыр кылдык жана кийинки жолу биз чыдабай калышыбыз мүмкүн", - деген Якуб.

Буга чейин Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы коопсуздук күчтөрүнө кол салуулардын саны кыйла көбөйгөнүн жарыялап, талибдерди аларды токтотуу үчүн чараларды көрүүгө чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан