"Репутациясы начар, бирок ишти алып кеткендер менен иштешүүгө туура келет" дейт Жапаров

Садыр Жапаров "жаныңыздагыларды тазалаңыз" деген активисттерге жооп берип жатып чиновниктерге мурдагы заман жок экенин билдирди. "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде президент командасындагыларга кандай шарт койгонун, кантип иштешип жатканын айтып берди.

Өлкө башчыга: "Социалдык тармактагы активисттер сиздин айланаңызда "күмөндүү же репутациясы начар адамдар топтолуп калууда, айланаңызды тазалаңыз" деген чакырыктарды жазып калышат. Командаңыз купулуңузга толдубу? Ар бир мүчөсүн өзүңүз тандадыңызбы?", - деген суроо берилген.

"Ушул "жаныңдагыларыңды тазала" деген дежур сөзгө айланды. Айланамда жүргөндөрдүн баарын көзөмөлдөп турам. Мурдагы ишмердиктери, репутациясы мени кызыктырбайт. Мен башында эле сүйлөшкөм. "Мурда кандай иштедиң, ким менен иштедиң мени кызыктырбайт. Мындан ары таза иштейсиң, уурдабайсың, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей иштеп бересиң. Эгер кыйшайсаң камаласың" деген талап менен иштетип келе жатам. Мамлекет башына келгенден кийин жоопкерчилик моюнуңда болот экен. Сарсанаа болот экенсиң. Мамлекеттин ишин тартып кете турган кадрларды издей баштайт экенсиң. Бирөөнү тапсаң - таза, бирок потенциалы төмөнүрөөк. Бирөөнү тапсаң эл айткандай репутациясы начар, бирок мамлекеттик ишти тартып кетет. Анан аны менен ушинтип сүйлөшүп алып иштегенге туура келет экен. Жеке эле мага эмес, элге дагы мамлекеттин иштери дүркүрөп алдыга жылып турушу керек да. Анан эле тиги жегич, бул жаман деп отура берсек алдыга жай жылабыз. Мен азыр эч кимге жегизбейм. Эгер жегенин билип калсак камайбыз. Жегенин жүз эсе кылып кайтартабыз. Мурдагы заман жок азыркы чиновниктерге", - деп жооп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан