Ядролук согуштун реалдуу коркунучу бар. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Биринчи каналдын эфиринде өзөктүк согуштун коркунучтары азыр өтө олуттуу жана бул коркунучту баалабай коюуга болбой тургандыгын билдирди.
Анын айтымында, Москванын принципиалдуу позициясы ядролук согушка жол бербөө.
"Азыр тобокелчиликтер абдан чоң. Мен алардын жасалма түрдө көтөрүлүшүн каалабайт элем. Каалоочулар көп. Коркунуч олуттуу, реалдуу. Муну баалабай коюуга болбойт", - деди ал.
Анын маеги Украинадагы кырдаалдан улам болгон. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Украинаны курал менен камсыздап жаткан батыш өлкөлөрү чындыгында Орусияга каршы согуш жүргүзүп жатканын белгиледи.